Мугалимдерге

Урматтуу окутуучулар,

Сиздер үчүн сабактарда кошумча материал катары электрондук окутуу ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Окутуу ресурстары 7 сабак боюнча орус жана кыргыз тилдеринде иштелип чыкты.

Окутуу комплексине интернет жеткиликтүү болгон мектептерде www.ibilim.kg. дареги менен кирсеңиз болот. Эгерде тандалган 60 мектептин биринде иштесеңиз, мультимедиалык жабдуулары бар китепканадан интернетке кошулбай эле, материалдарды ачып көрүп, сабакта пайдалана аласыз. Китепкананын серверинен электрондук ресурстардын комплексин толук көчүрүп, өз компьютериңизге коё аласыз.

Башталгыч класстын окуучулары көрсөтмөлүү жана көркөмдөлгөн материалдарды жакшы кабыл алышат, ошондуктан сүрөттүү жана мультимедиалык материалдар көбүрөөк чагылдырылды. Оюн түрүндөгү материалдар балдардын аң-сезимин өрчүтөт. Бул жерден окуучулардын көрүү жана угуусун, сезип-туюу менен элестөөсүн өркүндөтүүчү материалдарды таба аласыңар.

Салттуу жана инновациялык методдорду айкалыштыруу менен мугалим өз сабагын таанып-билүүгө багытталган, натыйжалуу, өркүндөтүүчү нагыз сабакка айландыра алат. Электрондук материалдарды жаңы темаларды түшүндүрүү үчүн пайдаланууга болот, окуучулар интерактивдүү тесттерди аткаруу аркылуу мурда алган билимдерин бекемдей алышат, кеп байлыгын өстүрүү максатында аудио-ресурстарды угуу жана тексттерди окуу менен жалпы ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн колдонууга болот.

Электрондук жана мультимедиалык ресурстар мугалимди, окуу китебин алмаштыра албайт, бирок алар жаңы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача алышат. IBilim.kg мультимедиалык комплексиндеги билим берүүчү электрондук ресурстарды колдонуу  аркылуу мугалим өз сабагынын мазмунун тереңдетет жана кызыктуу сабакка айланта алат.

Сиздер үчүн интерактивдүү тесттердин үлгүсү иштелип чыкты, алардын жардамы аркылуу өзүңөр тесттерди жана машыгуу-көнүгүүлөрдү түзүп, колдонсоңор болот.

Математика

Урматтуу кесиптештер!

Башталгыч класстарында математика сабагын окутууда кошумча материал катары электрондук билим берүү ресурстарын сунуш кылабыз.

Электрондук билим берүү ресурстары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен математика сабагынын стандартына жана мектеп программасына ылайык келет. Бул материалдар сабакта пайдаланууга ыңгайлуу жана жеңил болгон усулдук материалдар менен предметтик оюндардын бирдиктүү базасын түзөт.

Материалдар 8 темага бөлүнөт:

  1. Предмет менен алгачкы таанышуу
  2. Геометриялык фигуралар
  3. Натуралдык сандар
  4. Чоңдуктар
  5. Арифметикалык  амалдар
  6. Тексттик маселелер
  7. Туюнтмалар
  8. Барабардык жана барабарсыздык. Теңдемелер

Бул жерден мультимедиалык технологияларды колдонуу менен түзүлгөн көптөгөн материалдарды табууга болот. Материалдар мугалимди жана анын сабагын алмаштыра албайт. Билим берүү натыйжалуу болушу үчүн кошумча материал катары пайдаланылат. 

Математика сабагы боюнча материалдар менен иштөөдө мугалимдин алдында ачылган негизги үч мүмкүнчүлүккө токтололу, алар:

  1. Теориялык базаны өздөштүрүү үчүн методикалык жана көрсөтмөлүү материалдарды сабакта пайдалануу;
  2. «Өзүңдү текшер» аттуу интерактивдүү оюнда окуучулар берилген тема боюнча алган билимдерин бышыкташат;
  3. Видеоматериалдарды көрүү аркылуу алган билимдердерин кайталоого, бекемдөөгө жана жаңы билимдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул электрондук ресурстарды колдонуу менен сабакты ар тараптуу жана кызыктуу өтүп, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттырып, андан ары да терең билим алуусуна өбөлгө түзүлөт.  Ата-энелер үчүн да балдары менен бирге үй тапшырмасын аткарууда, билимдерин бышыктап бекемдөөдө маалымат алуучу ресурс катары пайдалуу.

Төмөндө сиздерге пайдалуу интернеттеги шилтемелерди сунуштайбыз.

Интернеттеги билим берүү ресурстарына шилтемелер:

МАТЕМАТИКА 1-4 класс – башталгыч мектептин мугалимине жардам.  

Ийгилик каалайбыз,

Жумушчу топ: Каримова Ж.А., Жунусалиев К.Ж., Жуманалиева З.А.

Англис тили

Урматтуу англис тил мугалимдери,

Силер маанилүү кызмат аткаруудасыңар – балдарды тилдерди билүүгө үйрөтүү аркылуу дүйнө элдери менен пикир алышууга үйрөтүп жатасыңар. Силердин ишиңер маанилүү, бирок башталгыч класстын окуучуларын окутуу жеңил иш эмес. iBilim билим берүүчу электрондук комплексинин беттеринен башталгыч мектептин программасы боюнча кошумча сабактардын материалдарын таба аласыңар. Биз иштеп чыккан материалдар, интернеттен тандалып алынган ресурстар окутууда натыйжалуу жыйынтыктарды алууга, эмгегиңерди бир аз жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт. 3-4-класстардын окуучуларына арналган мультимедиалык материалдар чет тилин биринчи жана экинчи жылы окуп жаткандарга багытталган. Биздин максатыбыз –окуучулар англис тилинде пикирлешүүнүн негиздерин үйрөнүшү үчүн сабактарды иштеп чыгып, мугалимдерге жардам иретинде шарттарды түздүк. Англис алфавитин жана окууну үйрөтүүгө, транскрипция белгилерин таанууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул жерден окуучулардын ой жүгүртүүсүн кеңейтүүчү, аң-сезимин өстүрүүчү, жан дүйнөсүн байытуучу көптөгөн материалдарды табууга болот. Мультимедиалык комплексте окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө туура келген кызыктуу темалар камтылган. Материалдар логикалык төрт темага бөлүнгөн: «Жаңы сөздөрдү жаттайлы!», «Тыбыштар», «Грамматика» жана «Келгиле, окуйбуз».

  • «Жаңы сөздөрдү жаттайлы!» бөлүмү 19 темадан турат. Бул жерден көрсөтмөлүү каражаттар менен коштолгон лексикалык материалдарды, машыгуу оюндарын, кызыктуу фактыларды, ошондой эле тематикалык видеоматериалдарды тапса болот.
  • «Тыбыштар» бөлүмүндө үндүү жана үнсүз тыбыштардын айтылышы, тамгалар менен айкашы тууралуу мисалдар жана эрежелер берилген. Материалдар аудио менен коштолгон, окуучулар сөздөрдүн, тыбыштардын туура айтылышын уга да, көрө да алышат.
  • «Грамматика» бөлүмү 12 темадан турат. Ар бир темада түшүндүрүү менен бирге материалды бекемдөө үчүн мисалдар берилген. Ошондой эле кызыктуу фактылар, видеоматериалдар, анимациялык роликтер же ырлар, өтүлгөн темаларды бекемдөөчү оюн түрүндөгү көнүгүүлөр берилген.
  • «Келгиле, окуйбуз!» бөлүмү эки бөлүктөн турат. Биздин өлкөбүз жөнүндө тексттерден, кызыктуу окуялардан, жаныбарлар, жаратылыш, дүйнө тууралуу аңгемелерден турат. Бардык тексттерди укса болот, угуп кабыл алуу аркылуу тилди жакшы өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Текстке карата түзүлгөн сөздүк жаңы сөздөрдү түшүнүүгө, ал эми транскрипция туура сүйлөөгө жардам берет. Тексттерди туура түшүнүүнү текшерүү үчүн тесттер түзүлгөн. Алар жаңы сөздөрдү колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.
  • Бул мультимедиалык ресурстарды жаңы лексикалык бирдиктерди жана грамматиканы түшүндүрүүдө көрсөтмөлүү материалдар, видео, инфографиканын жардамы менен бирге пайдалануу сунуш кылынат. Алган билимдерин бекемдөө, өз билимин баалоо үчүн окуучулар оюн-көнүгүүлөрдү колдоно алышат. Тилди үйрөнүүдө натыйжалуу окутуунун жыйынтыгын алууда мультимедиалык материалдарды колдонуу маанилүү. Англис тилин үйрөнүүдө мультимедиалык материалдарды пайдалануу аркылуу оң натыйжаларга жетүүгө болот.

    Интернеттеги кошумча ресурстар

      Интернет тармактарынан биздин иштеп чыккан материалдарга кошумча материалдарды таабууга болот. Биз силерге сапаттуу жана пайдалуу сабактарды тандадык.
    • englishtips.org сайты пайдалуу маалыматтардын кени. Бул жерден түрдүү басмалардан чыккан китептерди, справочниктерди, окуу жана угуу үчүн китептерди, оюндарды, кроссворддорду, табышмактарды, көнүгүүлөрдү таба аласыңар.
    • Англис тили мугалимдерине атайын түзүлгөн https://busyteacher.org/ сайтында окутууга керектүү: грамматика, лексика, аудио угузуу, жазуу жана сүйлөө кебин өстүрүү үчүн зарыл таблицалар, схемалар, таратуучу материалдар менен камсыз болгон.

    Интернеттеги кызыктуу жана пайдалуу ресурстардын даректери:

    Ийгилик каалайбыз!

    Иштеп чыккандар жана методисттер:

    Шабельская О.С., Цуканова Н.Э.

    IT адис Жолчубекова Айгерим

Кыргыз тили

Урматтуу мугалимдер!

Кыргыз Республикасынын башталгыч билим берүүнү уюштуруу боюнча түзүлгөн стандарт менен программанын талаптарында  1-4-класста окутулуучу негизги предметтердин бири болгон «Кыргыз тили» сабагында  мультимедиалык каражаттарды колдонуу – окутуу процессинин ажырагыс бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн. Мына ушул талапты ишке ашырууда мугалимдер үчүн кыргыз тилин окутууга байланыштуу иштелип чыккан мындай каражаттардын жетишсиздиги, алардын айрым түрлөрүнүн жоктугу кыйынчылыктарды жаратууда.

Ушул маселени аздыр-көптүр деӊгээлде чечүү максатында, мугалимдер жана окуучулардын биргелешкен окуу иш-аракетин азыркы мезгилдин жаӊы технологияларынын жардамы менен ары кызыктуу, ары натыйжалуу уюштуруу  үчүн кыргыз тилин эне тили катары үйрөтүүдө колдонулуучу мультимедиалык кошумча окутуу каражаттары «Айбилим» электрондук комплекстин «Кыргыз тили» баракчасында иштелип чыкты.

«Кыргыз тили» баракчасы үч бөлүмдөн турат: грамматика, жазуу жана окуу.

Грамматика бөлүмү окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүгө, сөздөрдү, сөз айкаштарды, сүйлөм жана тексттерди туура түзүп, байланыштуу кебин туура калыптандырууда колдонулуучу кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерин үйрөтүүгө багытталды.

Жазуу бөлүмүндө окуучулардын укканын, түшүнгөнүн жана өз оюн сабаттуу жаза билүүнү жолго коюучу жазуу иштеринин түрлөрү, жазуу эрежелери, текстти түзүү ыкмалары, грамматикалык талдоолорду жүргүзүүнүн жолдору көрсөтмөлүү берилди. 

Окуу бөлүмүндө окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, кызыгуусуна ылайык тандалып алынган табышмактар, макал-лакаптар, жаӊылмачтар, жомоктор, чакан аӊгемелер жана ырлар жайгаштырылды.

Аталган үч бөлүмдүн бардык темаларында окуучунун эне тилинин орфоэпиялык жана орфографиялык жактан сабаттуулугун арттырууга, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, көрүп түшүнүү, айтып берүү, сүйлөшүү ишмердүүлүгүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө басым жасаган интерактивдүү тексттер, сапаттуу сүрөттөр, окутуучу-үйрөтүүчү оюндар жана тапшырмалар, аудио, видео, кызыктуу материалдар, электрондук тесттер камтылды.

Алар билим берүү стандартында башталгыч мектепти аяктаган окуучу кыргыз тилин өздөштүрүүдө төмөнкүдөй компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталды. Алар:

  • тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү.
  • окуй алуу компетенттүүлүгү;
  • сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү;
  • сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү;
  • аң сезимдүү окуу, угуу жана грамматикалык түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү.

Ошону менен катар кыргыз тилин кыргыз элинин тарыхы, турмушу, маданияты, каада-салты менен эриш-аркак үйрөнүп, дүйнөлүк жана улуттук баалуулуктарды баалоого жана сыйлоого тарбияланат.

Мектепте окуучу Сиздин жетекчилигиӊиз менен топто да, өз алдынча  да натыйжалуу иштеп, үйдөн билим алууну жекече, кошумча ата-эненин,  чоӊдордун жардамы менен сапаттуу улантып, мына ушул максат-милдеттерди ишке ашырып,  кыргыз тилин кызыгуу менен үйрөнүшүнө тилектешпиз. Сиздерге жигердүү педагогикалык  ишмердүүлүк жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Биргелешип билим берүүнүн  сапатын жаӊы баскычка көтөрөлү!

 

Пайдалуу ссылкалар Интернетте:

  1. «CMC Center» студиясы тарабынан түзүлгөн кыргыз тилин үйрөтүүчү анимациялык мультфильмдер:

https://www.youtube.com/watch?v=J-CLzUXKuyo

  1. «МУЗБИЛИМ» студиясы тарабынан иштелип чыккан окутуучу-үйрөтүүчү мультфильмдер.

    https://www.youtube.com/channel/UCC6M4aw7TsxWVpho33Gkr6w

  2. Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн канал. Кыргыз тили боюнча видео сабактар. 

    http://tili.kg

  3. Капар Момуналиевдин Кыргыз тилинин негизги бөлүмдөрүнө болгон саякаты. Видео-сабактар.

https://www.youtube.com/watch?v=jnHyVHr3c8Y

  1. "Сорос-Кыргызстан" Фондунун  Маалымат программасынын каржылык жардамы менен Steps to Success Коомдук бирикмесинин "Билимкени" долбоорунун алкагында мектеп окуучулары үчүн даярдалган «Кыргыз тили» видеосабактар.

https://www.youtube.com/watch?v=xaFA50HMo8g

  1. «Юнисеф Кыргызстан» тарабынан түзүлгөн таанып-билүүнү өнүктүрүүчү мультфильмдер сериясы.

https://www.youtube.com/watch?v=zPTS-fh9daA

  1. «Сейтек» мектеби жана Баластан ТВ тарабынан тартылган театрлаштырылган кызыктуу жомокторду, сценкаларды көрүү менен балдар өздөрү окуган чыгармалары боюнча роль аткарып, үн кубултуп көркөм сүйлөөгө таасирленишет, үйрөнүшөт жана машыгышат.

https://www.youtube.com/watch?v=UvEO6s_YkQM

  1. КТРдин «Күн балдары» теле көрсөтүүсүнүн топтому. Окуучулар кыргыз тилиндеги ырларды чогуу ырдап, кыргыз бийлерди бийлеп үйрөнүшөт.

https://www.youtube.com/watch?v=c96Spgx1SKs

Методисттер: Акунова А.Р., Кайкиева Г.С.

IT адис: Эмилбек улуу Мирбек

Орус тили

Уважаемые учителя!

Обучение современных школьников – процесс интересный и вместе с тем сложный. В эпоху интернета, интерактивных досок, смартфонов, компьютеров и многого другого уже недостаточно присутствие в классе учителя и наличие учебников, не умаляя при этом их роли. Давно назрела необходимость использования на уроках мультимедийные средства. Они не только разнообразят процесс обучения и учения, поддерживая интерес к предмету, но и повысят эффективность занятий, помогут сформировать у учащихся умение самостоятельно приобретать знания, логически мыслить.

Данные мультимедийные ресурсы разработаны в помощь учителям, обучающим русскому языку учащихся начальных классов в школах с кыргызским языком обучения в качестве дополнительных материалов. Разработчики не ставили целью заменить ими учителя и учебники.

Материал представлен в трех разделах: «Лексика», «Грамматика», «Чтение».

В раздел "Лексика" включены 12 тем в соответствие с Программой по русскому языку как второму для школ с кыргызским, узбекским, таджикским языками обучения. Материалы раздела направлены на семантизацию лексики. Они также способствуют запоминанию написания и отработке произношения слов. Работа построена таким образом, что ученик одновременно видит написание и слышит произношение вводимых слов, что предупреждает ошибки при их употреблении в письменной и устной речи. Лексика, подлежащая усвоению, включена в небольшие связные тексты.

В разделе «Грамматика» пользователь найдёт сведения о грамматических категориях имени существительного, имени прилагательного, глагола, имени числительного, которые помогут правильно выстроить речь на русском языке. Ученик увидит, как нужно сочетать разные части речи друг с другом, увидит особенности употребления  их в речи.

В разделе «Чтение» школьников ждут интересные рассказы, сказки, легенды, стихи, загадки, познавательные тексты. Здесь он может не только прочитать, но прослушать тексты. Звучащий текст послужит образцом для подражания при самостоятельном чтении. Для снятия трудностей в понимании к каждому произведению прилагается словарик.

Разделы «Лексика» и «Грамматика» содержат тесты. Их функция не только контролирующая, а прежде всего обучающая. Мы понимаем, что ученикам младшего класса трудно сразу правильно заговорить на русском языке. Он имеет право ошибаться. Но допустив ошибку, ребенок сможет найти в предложенных вариантах правильный ответ и запомнить его.

Каждая тема сопровождается интересными фактами. Знакомство с ними должно пробудить в ученике желание самому найти и прочитать занимательную информацию о мире, в котором он живёт.

Надеемся, данные мультимедийные ресурсы станут хорошим помощником в обучении детей русскому языку.

С уважением,

Разработчики-методисты Мусаева Ч.М., Сапарбаева А.К.

IT-специалист Бейгазиев Н.Ч.

Мекен таануу

Урматтуу окутуучулар!

Силердин алдыңарда «Мекен таануу» сабагы боюнча башталгыч класстардын электрондук ресурсу. Мультимедиалык материалдар сабакты көрсөтмөлүү жана кызыктуу, түрдүү кылып өтүүгө жардам берет. Бардык материалдар өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөн. Алардын ар биринде жогоруда аталган сабактарга ылайык келген, жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын билим берүү стандарттарына дал келген материалдарды таба аласыздар. Бул ресурстар окуу китебинин мазмунун кайталабайт жана алардын ордуна колдонулбай турган кошумча материал болуп эсептелет. Белгилүү темалар боюнча мультимедиалык форматта – видео, үндүн коштоосу, сүрөттөр, маалымат графикасы менен берилген материалдарды таанып билүү аркылуу баланын акыл оюнун өсүшүнө арналат. Көпчүлүк учурда темалардын мазмуну окуу программасынан өзгөчөлөнүп, таанып-билүүнүн мейкиндигин кеңейтет.

Бул программа сабактагы компетенциялардын жаралышына өбөлгө түзөт. Аталган ресурсту жеке жана топ менен иштөөдө колдонууга болот. Материалдарды сабакты үйрөнүүгө кызыгууну өркүндөтүү максатында пайдалана аласыздар. Ар бир темада тесттер, оюндар, маңыздуу суроолор кездешет, алардын милдети алган билимдерди өздөштүрүү деңгээлин баланын өзү интерактивдүү тест аркылуу текшере алгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Мындан тышкары, башка дагы кызыктуу ресурстарды интернеттен таап алууга шилтеме берилет. Сиздер үчүн иштелип чыккан бул материалдар окуучулардын билимин тереңдетип, өтүлгөн сабактын усулдук деңгээлин жогорулатат. Ал эми маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуу тармагында сиздин компетенцияңызды өркүндөтүүгө да шарт түзөт.

Биз иштеп чыккан ресурстар сиздердин ишиңиздер үчүн пайдалуу болот деген ишенимдебиз. Программаны иштеп чыккан топ сиздин сунушуңузду, сабак өтүү мезгилинде материалды кантип колдонгондугуңуз тууралуу ой-пикирлериңизди күтөт. Ийгилик каалайбыз!

Иштеп чыккан методисттер:Солошенко О.В., Зарылбекова Г.Д. IT адистер:Жолчубекова А. Ульмасов А.

Көркөм сүрөт өнөрү

Урматтуу мугалимдер,

Көркөм-сүрөт чыгармачылыгы боюнча электрондук окутуу материалдары мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыкты. Сунушталган материалдар окуу куралдарын кайталабайт, окуп-үйрөнүүгө кошумча ресурс болуп саналат. Мектептин башталгыч класстарында көркөм-сүрөт чыгармачылыгын окутуп үйрөтүү баланын жалпы өнүгүүсүнө бекем негиз боло алат. 1-4-класстардын окуучулары сабак аркылуу көркөм ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт, өнөрдүн көп кырдуулугун туюу менен анын жашоо-турмуштагы ордун билип, келечекте көркөм элестөөсүн, табитин өнүктүрөт. Электрондук окутуу материалдарын иштеп чыккан топ өлкөбүздөгү көркөм-сүрөт өнөрүнүн калыптанышын, элибиздин маданиятын чагылдырган материалдарды топтоп, толук маалымат берүүгө аракет кылышты.

Материал 5 бөлүктөн турат:

"Эмне менен, кандай тартуу керек?", "Сүрөт өнөрүнүн түрлөрү", "Көркөм сүрөт өнөрүндөгү жанрлар", "Колубуз менен жасайбыз" жана “Сүрөтчүлөр тууралуу". Программада башталгыч мектептин окуучуларынын курактык өзгөчөлүктөрү, өтүлүүчү сабактын логикасы эске алынды. Материалдар жөнөкөйдөн татаалга карай оюн түрүндө берилди. Алар кызыктуу болгондуктан, бала окуп жатканын этибар албастан, көп нерсени үйрөнүүсүнө шарт түзүлөт.
  • "Эмне менен, кандай тартуу керек" бөлүмү, көркөм материалдар жөнүндө 9 маанилүү теманы ачып берет. Жаш сүрөтчү үчүн эрежелерди, түс, сызык, көлөм жана мейкиндик тууралуу, ар кандай көркөм ыкмалар менен тааныштырат.
  • "Сүрөт өнөрүнүн түрлөрү" бөлүмү, живопись, графика, көркөм кол өнөрчүлүк, скульптура (айкел жасоо) жана архитектура жөнүндө айтып берет.
  • "Көркөм сүрөт өнөрүндөгү жанрлар" бөлүмүндө балдарга портрет, пейзаж, натюрморт, анималистика, жомок-уламыш, тарыхый жанр, согуш жана тиричилик жанрларынын өзгөчөлүктөрүн толук ачып берет.
  • "Колубуз менен жасайбыз” бөлүмү кагаз, пластилин жана башка жаратылыш материалдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кенен көрсөтөт.
  • "Сүрөтчүлөр жөнүндө маек” бөлүмү визуалдык жана аудио материалдар менен коштолуп, абдан кызыктуу берилген.

Ар бир теманы кооз, жөнөкөй, түшүнүктүү кылып жеткирүү менен окуучуну өнөргө кызыктырууга аракеттендик. Айрыкча, көп сөз айтып тажатпастан, окутуунун натыйжалуулугун арттыруучу инфографика кеңири колдонулган. Материалдар менен иштөөдө көркөм ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду. Баланын көркөм ыкма менен иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө видео жана аудио ресурстар камтылган мультимедиалык программанын жардамы чоң. Мисалы, "Кыргызстандын жети керемети" видео сабагы, сабак аралык байланышты өзүнө камтыйт. Мында, окуучулар сүрөт сабагы менен бирге мекен таануу сабагын да окуп үйрөнүшөт. Ар бир тема боюнча, баланын билим деңгээлин текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү тесттер, оюндар, кызыктуу суроолор жана тапшырмалар бар. Видеоматериалдар практикалык иштерсиз өздөштүрүүгө мүмкүн болбогон темаларды өтүүдөгү кыйынчылыктарды жоюуга жардам берет. Иштелип чыккан материалдар, окуучулардын билимин тереңдетүүгө, өткөрүлүп жаткан сабактардын методикалык деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле, билим берүү чөйрөсүндө маалыматтык-компьютердик технологияларды (МКТ) пайдалануу жана колдонуу компетенттүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Төмөн жакта сабакка керектүү интернет ресурстарын пайдалануу үчүн шилтемелер берилет.

Ийгилик каалайбыз! Иштеп чыккан методисттер: Дунганова О.Е., Акматова К.Р.
IT адис Ульмасов Адиз

Музыка

Урматтуу мугалимдер,

«Музыка» предмети боюнча сунушталып жаткан окуу-методикалык мультимедиалык комплекс 1-4 класстын окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатууга жана музыка сабагын тереңирээк түшүнүүгө көмөк көрсөтмөкчү. Материалдар аркылуу  окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өрчүтүү үчүн жаңы педагогикалык шарттар түзүлүүдө, анын ичинде окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсү, сезе билүүсү, интеллектин жана эрудициясын жогорулатуу да эске алынган. 

Бул ресурста «Музыка»предмети:

  • ырларды угуу жана аткарууда,
  • музыкалык сабатты жана негизги жанрларды өздөштүрүүдө,
  • улуттук жана дүйнөлүк музыка өнөрүнүн эң көрүнүктүү үлгүлөрү менен тааныштырууда мультимедиалык каражаттарды пайдалануу аркылуу ачылып берилет.

Материалдарда «Музыка» предмети боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартына жооп берүү менен, төмөнкү мазмундук багыттар камтылат: Музыканын тили жана көркөм каражаттар, Музыкалык интонация жана образ, Музыкалык типтер, формалар, стилдер жана жанрлар. Автор жана автор дүйнөсү.

Логикалык жактан мультимедиалык комплекстин бардык темаларында төмөнкү  бөлүктөр камтылган:

  1. Музыканын тили жана ноталык сабат.
  2. Музыкалык аспаптардын сырлары (салттык жана классикалык аспаптар).
  3. Музыка – бул сүрөткер!
  4. Музыкалык стилдер жана жанрлар.
  5. Автор дүйнөсү.

Музыка менен таанышуу кандай жолдор аркылуу сунушталат: угуу жана көрүү, сөздөн жана кыймылдан таасирленүү, музыкалык образдардын бай дүйнөсүн окуучунун жеке чыгармачылыгы жана ой жүгүртүүсү менен айкалыштыруу. «Музыканын тили жана ноталык сабат» жана «Музыкалык аспаптардын сырлары» аттуу алгачкы эки тема үндөштүрүлгөн. Б.а. бул сабактардын аудиоверсиясы бар. Темалар улам татаалдаша баштаган сайын, үндөштүрүү да азаят. Анткени алгачкы темалар биринчи класстардын окуучуларына сунушталса, кийинки темалар 2-4-класстардын окуучулары үчүн багытталган. Айрым үндөштүрүлгөн бөлүктөр текстке караганда  толугураак берилсе, окуу үчүн берилген темалар  экранда кыскартылган жеңил вариантта  көрсөтүлгөн.     

Өзгөчө эскертип кетүүчү нерсе – материалдар 1-4-класстардын темалары менен гана чектелип калбастан, музыка сабагында кийин да пайдаланыла турган темалар менен толукталды. Өзгөчө мугалимге тийиштүү болгон материалдар педагогдун керектөөсүнө кошумча өбөлгө болот деген ишеничтебиз.     

Иштелип чыккан электрондук окутуу каражаттары башталгыч класстагы мектеп окуучуларынын музыка дүйнөсү жөнүндө түшүнүгүн кеңейтмекчи.

Музыканын керемет дүйнөсүн таанууда ийгилик каалайбыз!

Иштеп чыккандар: Сырдыбаева Разия Мадылбековна, музыка таануучу, педагог, филология илимдеринин кандидаты, «Устатшакирт» салттуу музыка борборунун директору; Лапшина Татьяна Ивановна, музыка таануучу, педагогика илимдеринин кандидаты, Бишкек шаарындагы №4 Балдар чыгармачылык мектебинин мугалими.

IT боюнча адис: Адис Ульмасов

Өнөктөштөр: Кыргыз Билим берүү Академиясы, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университети, «Устатшакирт» борбору.

Программанын авторлору көрүнүктүү этномузыка таануучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Балбай Алагушовго, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Екатерина Лузановага, Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайынын окутуучусу, музыка таануучу Айкерим Намазбековага ошондой эле Самат Көчөрбаевге, Адилет Молдобековго, Кутманаалы Султанбековго, Бек Алагушовго, Саламат Жумадиловго, Үсөнбек уулу Эдилге, Уулжан Максатбековага, Зульфия Мусульмановага, Нурбек Жумакалиевге, Кенже Сатыбалдиевага, Илгис Жунусовго, Элдияр Жарашовго терең ыраазычылык билдирет.

 

Интернеттеги пайдалуу шилтемелер:

«Muzбилим». Балдарды өнүктүрүүчү кыргыз тилиндеги ырлар дүйнөсүнө кош келиңиз. 2 жаштан 9 жашка чейинки балдарды өстүрүүгө, курчап турган чөйрөнү жана тилдерди окутуу жана үйрөтүү үчүн платформа

https://www.youtube.com/channel/UCC6M4aw7TsxWVpho33Gkr6w

 

К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы

https://www.knk-kg.org/

 

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры http://www.operaballet.lg.kg/index.php

 

USTATSHAKIRT. Билим берүү жана маданият борбору

https://www.youtube.com/channel/UCwzD1KYxIA_-qlNjpRe9_9Q

 

«Ордо-Сахна» фольклордук - этнографиялык театры.  Кыргыз салттык музыкалык чыгармалар чагылдырган видеолор

https://www.youtube.com/channel/UCrbk7fzeHUP4i26vvK21d0g/videos?sort=dd&view=0&shelf_id=0

 

Nurbiy Isakov. Нурбий Исаковдун видео-коллекциясы

https://www.youtube.com/channel/UCe8V-zHncXHCHAi5SPIKybA

 

Бишкек шаарындагы «Элдердин Биримдүүлүгү күнүнө» арналган концерт

(Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, 2017)

https://www.youtube.com/watch?v=aXaho0lEBvA

 

«Carmina Burana» Бишкекте биринчи жолу (2014). Немец композитору Карл Орфтун сахналык кантатасы, либреттосу өзүнө таандык, негиздери орто кылымдагы ырларга таандык, 1935-1936-жылдары жазылган Limon.KG

https://www.youtube.com/watch?v=GN-NEExEVE4

 

«Кыргыз сюитасы» М. Бегалиев. Атк.:  «Манас» Президенттик камералык оркестри, дирижеру Э. Асаналиев

http://classic-online.ru/ru/production/93747 

 

«Кыргызстан» М. Бегалиев (дирижер Рахатбек Осмоналиев)

https://www.youtube.com/watch?v=BgF4jB2BLPY 

 

«Ата-Мекен» М. Бегалиев. Атк.: Болот Миңжылкиев

https://www.youtube.com/watch?v=zhgd_ub4GJ4 

 

Белгилүү кыргыз комузчу Зайнидин Иманалиевдин автордук ыкмасы менен балдарга комуз черткенди үйрөтүү сабактары. № 1-сабак

https://www.youtube.com/watch?v=B5xzYRh7hME 

 

Белгилүү кыргыз комузчу Зайнидин Иманалиевдин автордук ыкмасы менен балдарга комуз черткенди үйрөтүү сабактары. № 2-саба

https://www.youtube.com/watch?v=vL_-wWXcvfk 

 

Улуттук кыргыз аспаптар. А. Насирдинов
https://www.youtube.com/watch?v=ufujYYL_LNM 

 

Улуттук музыкалык аспаптар. Бульвар-122. GTRK STV

https://www.youtube.com/watch?v=m3OXb21B5hA 

 

Кыргыз улуттук музыкалык аспаптар жана комуз

https://www.youtube.com/watch?v=x0iTbb4lOe8


Сиз билбеген жетиген. М. Манапбаев. Кыргыздардын байыркы музыкалык аспабы жетиген жасалды. Кыргыз элинин Эне-Сайда урунган музыкалык аспабы уста Мирбек Манапбаевдин көл өнөрчүлүгүнө таандык. Уста жетиген аспабын жасоого бир жарым жыл убакыт кетирген. Буга чейин бир жыл мурун музыкант Жусуп Айсаев музыкалык аспаптын бир даанасын Хакасиядан алып келген болчу.

https://www.youtube.com/watch?v=dCNoT6Ibbsg 


Улуу мурас: Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы. KTRKkg

https://www.youtube.com/watch?v=fZJ1vamtJTc 


Музыка №10 6-класс. Илим жана Билим каналы

https://www.youtube.com/watch?v=ACbnSk2hhFE 

 

Ош мамлекеттик университети Экинчи Дүйнөлүк согушка арнап реквием кече өткөрдү. «Священнная война», «Катюша», «Келген жок», «Эстелик», «День Победы», «Кыргызстан» ырларын 4 миңден ашуун студенттер хор менен ырдашты

https://www.youtube.com/watch?v=unkGGm7mW34 

Видео

Тесттин үлгүлөрү (шаблондору)

Урматтуу мугалимдер, силер үчүн интерактивдүү тесттердин үлгүлөрү иштелип чыкты. Алардын жардамы менен өзүңөр каалагандай тесттерди  жана көнүгүүлөрдү түзүп алсаңар болот.

Үлгү боюнча тесттерди түзүүнүн жолдору

Тесттердин үлгүлөрү Power Point программасынын негизинде берилген. Сиздин компьютерде бул программа бар экенин билгиле.

Өз тестиңерди жана көнүгүүлөрдү түзүү жеңил жана жөнөкөй, болгону улгүгө салып толтуруу керек.

  1. Жактырган үлгүнү компьютерге көчүрүп, сактагыла.
  2. Өзүңөрдүн компьютерден үлгүнү ачкыла.
  3. Тестиңердин аталышын жазгыла. Мисалы: «Эки орундуу санды көбөйтүү».
  4. Суроону жазгыла. Мисалы: 45+56.
  5. Эки туура эмес жоопту жана бир туура жоопту атайын көздөргө жазгыла.
  6. Суроолорго 10 слайд берилет, силер андан көбөйтүп же азайтып алсаңар да болот.
    • Суроо түзүү үчүн жаңы слайд кошкуңар келсе, компьютердик чычканды бош слайдга коюп, чычкандын оң баскычын басып, «слайдды кайталоо» дегенди тандаңыз. Жаңы слайд пайда болот.
    • Эгер суроолордун санын кыскарткыңар келсе, же ашыкча слайдды алып салгыңар келсе, чычкан менен бош слайдды басып, чычкандын оң баскычын басып, «слайдды алып салуу» дегенди басыңыз. Ашыкча слайд жоголот.